02:00
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Кыргызстандык келин учакта көз жарды

7-июлда Ош-Екатеринбург каттамында бараткан кыргызстандык келин учакта көз жарды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун маалымат кызматы кабарлады. Төрөттү борт коштоочулар кабыл алган.

Капитан Ош аэропортуна кайтып келип, эне-бала «Тез жардам» менен ооруканага жеткирилди. Алардын абалы жакшы экени айтылды. 

Кошумчалай кетсек, көз жарган Махбуба Сермаматова жолдошу экөө кичинекей наристесине авиакомпаниянын урматына Уралбек деген ысым ыйгарышты. Уралбектин 2 жарым жаштагы агасы бар. 

Эң көп окулган жаңылыктар