Садыр Жапаров Түркияга жеке менчик учак менен барды. Маалыматты президенттин пресс-катчысы Эрбол Султанбаев ырастады.
Анын айтымында, күйүүчү майга гана акча төлөндү.
«Учакты лизинге алуу иштери аяктай элек. Андыктан Кыргызстан тарап күйүүчү майдын гана чыгымын мойнуна алат», — деди ал.
Садыр Жапаров Анкарага Air X Chapter авиакомпаниясынын Embraer Lineage 1000 учагы менен барды. Маалыматка караганда, бул учакта учуунун бир сааты 14 миң 850 доллар турат.