16:19
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Ош жана Талас шаарындагы акча алмаштыруучу жайлар мыйзам бузгандыгы үчүн жабылды

Улуттук банк Ош жана Талас шаарларындагы акча алмаштыруучу жайларды мыйзам бузгандыгы үчүн жапты. Бул тууралуу аталган банктын расмий сайты жазып чыкты.

Ошондой эле, Улуттук банктын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмаштыруу операцияларын жүргүзүп келген Оштун жашоочусуна 100 000 сом айып пул салынды.

«Мындан тышкары укук бузуу фактысы боюнча Ош шаарындагы акча алмаштыруу бюросунун кызматкерине 20 000 сом, алмаштыруу бюросуна 100 000 сом жана Жалал-Абад шаарындагы микрокредиттик компаниясынын жетекчисине 50 000 сом айып салынды», — деп жазылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар