Лейлек районунун Жаштык айылында болгон өрттө жабыркаган жарандын абалы туруктуу. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Кулунду айыл аймактык ооруканасынан билдиришти.
Алардын маалыматында, өрттөн бир киши ооруканага жеткирилген. Ал 1953-жылы туулган Кара-Балта шаарынын тургуну Токтоназар Балтабаев.
«Ал бензовоздун айдоочусу. Май куюп жаткан кезде жакынкы газ станциясы жарылып кеткен. Экинчи даражадагы күйүк алды. Абалы туруктуу», — деп билдиришти ооруканадан.