19:21
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Орусиялык сайтта Кыргызстандын «Баатыр эне» ордени сатыкка коюлду

Орусиялык сайтта Кыргызстандын «Баатыр эне» ордени сатыкка коюлду. Интернет-аукциондо ордендин баштапкы баасы 8 миң рубль деп белгиленет. Аукцион 16 -июлга чейин болот.

Сатып жаткан киши орден № 600 номурлуу сейрек түрдөгү, 55 грамм экендигин маалымдайт. Кардар наркынан тышкары, «Баатыр эненин» Москвага чейинки жол киресин да төлөйт.

Белгилей кетсек, «Баатыр эне» ордени жети же андан көп баланы төрөп өстүргөндөргө берилет. Ал күмүштөн мельхиор кошулуп жасалат.

Кыргызстандын мыйзамдары мамлекеттик сыйлыктарды сатууга тыюу салат.

Эң көп окулган жаңылыктар