15:45
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

ЖРТдан эң жогорку балл алган Айлин Албанова БААУну тандады

Жалпы республикалык тестирлөөдө эң жогорку балл алган Айлин Албанова Борбордук Азиядагы Америка университетин тандады. Бул тууралуу ал «24.kg» агенттигине билдирди.

Анын айтымында, кайсы факультетке окушу али чечиле элек.

«Мен аларга документтеримди тапшырганмын. Бирок, жооп ала элекмин» — деди Айлин.

Айлин Бишкек шаарындагы № 70 мектептин бүтүрүүчүсү. Ал 8-класска чейин № 61 мектепте окуган.

2018-жылы ЖРТ боюнча жогорку баллга ээ болгон 59 жеңүүчү аныкталган. Кийинчерээк региондордогу мектептерде 216 балл алган 7 окуучу кошулган.

Эң көп окулган жаңылыктар