13:30
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Тажикстанда зордуктоо окуясынан кийин мектеп директорлору иштен алынды

Тажикстандын Гиссар районунда 14 жаштагы окуучу 7 жаштагы кызды зордуктоого шектелгенден кийин өспүрүм окуган мектептин директору кызматтан алынды.

Аны менен кошо зордуктоого кабылды делген кыз окуган мектептин директору дагы жумуштан бошотулду. «Мындай жаман окуядан кийин директор болуп иштөөнүн маңызы жок», — деди мектеп директору Махмадраджаб Шоев.

Ал ортодо өз булактар Махмадраджаб Шоев райондук билим берүү бөлүмүнүн буйругунун негизинде иштен алынганын айтышууда.

Гиссар шаарынын тергөөчүлөрү 7 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча маалыматты иликтөөдө.Шектүү он күндөн кийин — жаш кыздын ата-энеси милицияга кайрылган соң суракка алынган. Кылмышты жаап-жашырууга шектелген дагы бир өспүрүм көрсөтмө берүүдө.

Кыздын ата-энеси 8-июнда кошуна бала аны үйүнө алдап чакырып, зордуктап салганын билдиришүүдө.

«Зордуктагандан кийин бала анын алкымына бычак такап, «кимдир бирөөнө айтсаң, өлтүрөм» деп коркутуптур. Андыктан окуя болгон күнү кызыбыз эч нерсе айткан эмес",- деди кыздын чоң апасы Ниёзбон Жабборова. Кийинки күнү кыздын ичи катуу ооруп, кошуна бала зордуктап койгонун мойнуна алган.

Медициналык экспертиза жүргүзүлүп, зордуктоо болгону аныкталды.

Эң көп окулган жаңылыктар