16:06
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Казакстанда киберспорт расмий түрдө таанылды

Казакстан Дене тарбия жана спорт иштери комитети өлкөдө киберспорт расмий түрдө спорттун түрү катары таанылганын маалымдады.

«25-июнда Маданият жана спорт министрлиги биздин федерациянын арызынын негизинде киберспортту расмий түрдө спорттун түрү катары тааныды. Муну менен киберспорттун бардык сүйүүчүлөрүн куттуктайм», — деп жазды Казак киберспорт федерациясынын президенти Куанышбек Есекеев Фейсбуктагы баракчасына.

Маалыматтарга караганда, киберспортту өнүктүрүү үчүн комплекстүү программа иштелип чыкты, эл аралык тармактык уюмдарга мүчө болуу аракеттери көрүлүүдө. Расмий түрдө таанылган жана аккредитация алган федерация Казакстандын атынан эл аралык таймаштарга катышат.

Киберспортту олимпиадалык спорттун түрү катары таануу маселеси Эл аралык олимпиадалык комитетте каралууда.

Эң көп окулган жаңылыктар