Чычкан дарыясына түшүп кеткен автоуунанын эки жүргүнчүсү дайынсыз болууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдайт.
Алардын билдирүүсүндө, бүгүн саат 06.00 чамасында Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 264-чакырымында (Өрүктүү тилкеси) Хонда Степ үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай Чычкан суусуна кулады.
Унаанын ичинде 8 жүргүнчүнүн алтоо Токтогул райондук ооруканасына жолдон өтүп бара жаткан унаалардын айдоочулары тарабынан жеткирилди. Дагы экөө дайынсыз болууда.
.