11:20
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

УКМК экс-президенттин үйүнүн жанындагы мекеменин жери боюнча түшүндүрмө берди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйүнүн жанында жери болгонун тастыктады.

Маалыматка ылайык, Алмазбек Атамбаев президент учурунда аны кайтарыш үчүн ал жер УКМКнын 9-кызматына берилип, бирок кийин сатылган. 

Ал жерлер 1980-жылдары дача иретинде УКМКга берилген. Ал участоктор 2011-жылы УКМКныкы экени документтештирилген. 2017-жылы май айында президентти кайтаруу максатында 9-кызматына кайтарылып берилген. Андан кийин ал жер эч кимге керексиз болуп калгандан кийин жеке жактарга сатылган.

Рахат Сулайманов

УКМКнын өкүлү мекемеге тийиштүү жер Алмазбек Атамбаев президент болбой калгандан кийин сатылганын кошумчалады.

Буга чейин «Клооп» интернет-сайты ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев аталган айылдан жер сатып алгандан эки жылдан кийин ошол аймактан УКМКга жер бөлүнүп берилгенин жазып чыккан.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылынан 2 гектардан ашык жер сатып алып там салып жатканы 2016-жылы белгилүү болгон. Атамбаевдин там салышы коомчулукта кызуу талкууга жем таштап, оппозициянын кескин сынына кабылган.

Эң көп окулган жаңылыктар