18:32
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Бишкекте Орозо айт намазы эски аянтта окулат

Бишкекте Орозо айт намазы 15-июнда таңкы саат 06:15те эски аянтта башталат. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, саат 06:15тен 07:00гө чейин Дин аалымдарынын баяндамалары окулат. Андан кийинки 20 мүнөттө Кыргызстан мусулмандарынын муфтийинин куттуктоосу жана баяндамасы, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн куттуктоосу, акырында саат 7 жарымда Айт намазы окулат.


Эң көп окулган жаңылыктар