Бишкекте Орозо айт майрамына карата 1 500дөн ашык тартип сакчылары күчөтүлгөн тартипте кызмат кылат. Алардын максаты жарандардын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыздоо болуп саналат.
Маалым болгондой, Эски аянттын айланасында унаа кыймылдарына убактылуу чектөө киргизилет:
—Чүй проспектинен Абдрахманов жана Тоголок Молдого көчөлөрүнө чейин;
—Абдымомунов жана Абдрахманов көчөлөрүнөн Логвиненкого чейин;
—Фрунзе жана Абдрахманов көчөлөрүнөн Тоголок Молдого чейин;
—Тыныстанов жана Фрунзе көчөлөрүнөн Чүй проспектине чейин;
—Эркиндик бульварынан Фрунзе жана Абдымомунов көчөлөрүнө чейин;
— Логвиненко көчөсүнөн Чүй проспектинен Киев көчөсүнө чейин.