Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айылында буудайды оруу иштери башталды. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, райондун аймагындагы
Адистердин айтымында, быйыл буудайдын түшүмү жакшы. 2017-жылы гектарынан 26 центнерден түшүм алынган болсо, бул жылы орто эсеп менен 30 центнерден түшүм алуу пландалууда.
Эске салсак, быйыл Баткен облусунда 38 миң гектар жерге кылкандуу дан эгиндери эгилген.