Бишкекте турак үйдөн өрт чыгып, бир киши каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка караганда, өрттүн кесепетинен үй толугу менен күйүп, 1957-жылкы Т.Р.Х., аттуу жаран каза болду.
Алдын ала алынган маалыматка ылайык, өрттүн келип чыгышына газ түтүкчөсүнүн туура эмес колдонулушу себеп болгон.
Кошумчалай кетсек, кырсык 9-июнда болжол менен саат 16:20лар чамасында Молодежная көчөсүндө катталган.