Президент Сооронбай Жээнбековдун Кытайга мамлекеттик сапары башталды. Ал бүгүн Пекинде Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту.
«Кытай менен Кыргызстандын ортосунда толук түшүнүү бар. Биз алаканы жаңы деңгээлге чыгарууга кызыкдарбыз» — деди Сооронбай Жээнбеков.
«Эки тараптуу кызматташууга ишеним менен карайбыз. Биз ортодогу мамилени өнүктүрүүгө кызыктарбыз» — деди Си Цзиньпин.
Сооронбай Жээнбеков 9-10-июнда Циндао шаарында өткөн ШКУнын саммитине катышат.