Жол коопсуздук кызматкерин сүзүүгө аракет кылган айдоочу Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты Ташболот Балтабаевдин кызы. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине өздүк булактардан билдиришти.
Lexus B 9009F уунасында 43 жаштагы Нүргүл Балтабаева олтурган. Ал коопсуздук курун тагынбай бара жаткандыктан инспектор токтотот.
«Айып протоколу түзүлгөндөн кийин инспектор кол коюуну суранат. Бирок, Нүргүл Балтаева протоколду колдон жулуп алып, машинасын айдап качууга аракет жасайт. Азыр ага Кылмыш кодексинин «Бийлик өкүлүнө күч колдонуу» беренеси менен иш козголду.
Эскерте кетсек, кечээ социалдык тармакта жолтандабастын айдоочу жол коопсуздук инспекторун сүзүп кетүүгө аракет кылган видео жарыяланган.