Ош шаарында милиция кызматкерлери таксисттин өлүмүнө шектүү делген жаранды кармашты. Бул тууралуу түштүк борбордун ИИБнын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.
Анын айтымында, 13-майда 30 жаштагы Ильхом Эрматов «Дэу Матиз» үлгүсүндөгү унааны айдап чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.
«Ильхом Эрматов жүргүнчүлөрдү ташып иштечү. Анын өрттөлгөн денесин 22-майда талаадан табышкан. Милиция кызматкерлери кылмышка шектүүнү кармашты. Ал изин жашыруу максатында, кыргыз-казак чек арасын кесип өтүүгө аракет кылганда колго түштү. Ал эми каза болгон жарандын унаасы Токмоктон табылды», -дейт Замир Сыдыков.
Алдын ала алынган маалыматтарга таянсак, кармалган жаран күнөөсүн мойнуна алды. Ал өз сөзүндө унааны айдап качууга аракет кылганын айткан