16:11
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Бишкекте мечит өрттөнүп кетти

Бишкекте мечит өрттөнүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы «24.kg» агенттигине билдирди.

Маалым болгондой, мечит Баялинов жана Махатма Ганди көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Тилсиз жоо 1,3 миң чарчы метр жерди жалмаган.

Алдын ала алынган маалыматка караганда, кырсык электр жабдыктарына тиешелүү коопсуздук эрежелери сакталбагандыктан келип чыккан. "Өрт бүгүн түнү чыккан. Окуя болгон жерге үч өрт бригадасы жиберилген",- деп жазылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, кырсыктан жабыркагандар жана каза болгондор жок.

Эң көп окулган жаңылыктар