22:26
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Тууну замбил катары колдонгон музей кызматкерине айып салынды

Ремонт учурунда тууну замбил катары колдонгон «Сулайман Тоо» музейинин кызматкерлерине 10 миң сом айып салынды. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Ош облустук соту билдирди.

Маалыматка ылайык, киши мамлекеттик тууга кылган мамилеси боюнча күнөөлүү деп табылган.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 25-сентябрында «Сулайман-Тоо» музейинде ремонт жүргүзүлгөн. Музейдин Менеджмент жана маркетинг бөлүмүнүн башчысы тууну алып чыгып, аны менен эмеректерди жаап, курулуш материалдарын ташуу үчүн колдонгон. Ал боюнча кылмыш иши козголуп, фото жана видео экспертиза дайындалды.

Эң көп окулган жаңылыктар