15:59
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Жакында Бишкекте ысык суу өчүрүлөт

21-майдан 21- июнга чейин Бишкекте ысык суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ысык сууну өчүрүү тууралуу буйрукка калаа башчы Албек Ибраимов кол койду.

"Ысык суу жыл сайын күзгү жана кышкы жылуулук мезгилине кам көрүү максатында, оңдоп-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү үчүн өчүрүлөт",- деп маалымдайт мекеме.

Эскерте кетсек, буга чейин Бишкекте ысык суу 10-майда өчүрүлчү.

Эң көп окулган жаңылыктар