17:06
USD 69.25
EUR 81.03
RUB 1.03

Жогорку Кеңештин депутаты Аскарбек Шадиевдин мүлкү камакка алынды

Жогорку Кеңештин депутаты Аскарбек Шадиевдин мүлкү камакка алынды. Бул тууралуу УКМК маалымдайт.

Камакка алынуучу мүлктөрдүн тизмесине Аскарбек Шадиев жана анын жакындарына тиешелүү Кыргызстандын банктарындагы эсеби, «Карвен клуб, «Боорсок плюс», «Трейд инвест», «Континенталь транс сервис», «Аква инвест», «Союз инвест» жана дагы бир катар ишканаларындагы үлүшү. «Тойото Ландкраузер 150» үлгүсүндөгү уунасы, «Ала-Арча» ВИП шаарчасындагы үйү жана Бишкек шаарындагы эки батири кирди.

Эскерте кетсек, УКМКга Жогорку Кеңештин аппаратынан Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыкка багытталган 2 миллион 61 миң сом максатсыз пайдаланылганы боюнча иш козгогон. 10- февралда Жогорку Кеңештин кызматкери Закировго (жасала документ колдонуу менен бюджеттин акчасына ээлик кылуу) беренеси боюнча айып тагылган. Ал учурда УКМКда абакта. Өткөн жумада бул иштин Кылмыш ишинин алкагында Аскарбек Шадиев дагы айып тагылды. Ал парламенттин эл аралык мамилелер комитетин жетектеп турган жана 2 миллион 61 миң сомду бөлүү боюнча чечимге кол койгон.

Аскарбек Шадиевге Кылмыш жаза кодексинин 304-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен айыпталууда.

Айрым маалымдоо каражаттары Шадиевдин жардамчысы Айбек Эрмековго шилтеме берүү менен депутат операция жасатуу үчүн Кыргызстандан чыгып кеткенин жазып чыккан.

Эң көп окулган жаңылыктар