16:52
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Мүлк фонду Атамбаевдин үйү карыларды дарылоо жайы болорун билдирди

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйү боюнча анын тарапташтарынын дооматына жооп берди.

Мүлк фонду Аламүдүн районунун Кой-Таш айылындагы Алмазбек Атамбаевге таандык 2,70 гектар жердеги 1385,5 чарчы метр болгон дарылоо борбору мамлекетке өткөнүн билдирди. Бул боюнча Бишкектин Биринчи май райондук соту быйыл 26-мартта чечим чыгарганын белгилеген.

Маалыматка ылайык, бул жайды 12-апрелде Мамлекеттик каттоо кызматынын Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин райондук филиалы мамлекеттин менчиги кылып каттаган. 30-майда Мүлк фондунун кызматкерлери мүлктөргө инвентаризация жүргүзүү үчүн аталган имаратка барган. Фонддун билдиришинче, кайтаруучулар имаратта мүлктөр жана короосунда автоунаалар бар экенин айтышкан. Мүлк фонду Атамбаевдин өкүлдөрүнө имаратты үч күндүн ичинде бошотуусун эскертип, билдирүү жөнөткөн.

Фонд «Атамбаевдин тарапташтары билдирүүгө карабай ал жерди бербөө үчүн социалдык жайга айландырууга аракет кылган» деп айыптап, алардын мындай иш жасоого акысы жок экенин эскерткен.

Эң көп окулган жаңылыктар