05:35
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Кыргызстанда беш жыл аралыгында 600 бала жол кырсыгынан каза болгон

Кыргызстанда жыл сайын 6 миң жол кырсыгы катталып, ал адам өлүмү жана ар кандай жарат алуу менен аяктайт. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, беш жыл аралыгында 7 миңден ашык жол кырсыгы балдардын катышуусунда болгон. Анын кесепетинен 582 бала каза болуп, 8 миң 294 бала ар кандай деңгээлде жарат алган.

2017-жылга карата алынган маалыматка ылайык, өткөн жылы 1 миң 432 жол кырсыгы катталып, 104 бала каза болгон. Ал эми жабыр тарткандардын саны 1 миң 622ге жеткен.

Мекеме өкмөттүн токтомуна толуктоолорду киргизген. Ага ылайык, 12 жашка чейинки балдарды мотоциклдин артына, жүк ташуучу унаанын үстүнө отургузууга жана балдар үчүн ылайыкташтырылган отургучсуз жеңил унаанын алдына салып жүрүүгө тыюу салынган.

Эң көп окулган жаңылыктар