22:13
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Суроо-жооп. Динде акчага үстөк баа коюп, карызга берген арам. Банкта иштегенчи?

«24.kg» агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.

Суроо: Мен банкта иштейм. Динибизде пайыз берүү арам жана ага катышы бар кишилер дагы күнөө кылып жаткан болот. Жумуштан чыгайын десем ата энем каршы, анын үстүнө үйдө жалгыз мен эле иштейм.

Жооп: Пайыз менен сүткорчулукка тиешеси жок банктар да бар. Алар негизинен акча бөлүү, сактоо, которуу жана башка ушул сыяктуу операцияларды аткарат. Кесибиңиз боюнча ишиңизди уланткыңыз

келсе ушундай банктарда иштесеңиз дурус. Бирок сиздин абалыңызга кеңеш бере турган болсом ишиңизди уланта бергениңиз артыгыраак, үйдө жалгыз иштеген менен дароо жумуш табыла койбогонун эске алганда. Үй бүлөөнү багуу динибизде өтө чоң ибадат жана сооп иш. Албетте адал жолу менен нан табуу артык. Бирок, сиздин абалыңызды эске алуу менен башка иш табылмайынча иштей бергениңиз оң.

Эң көп окулган жаңылыктар