14:07
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Түнү бою тууну кайтарып турган Азамат Жаналиев аны сыйлоо сунушу тууралуу

Түнү бою «Ала-Тоо» борбордук аянттында тууну кайтарып турган Азамат Жаналиев аны сыйлоо сунушуна каршы эмес. Бул тууралуу ал «24.kg» агенттигинде билдирди.

Кечээ катуу шамал аянттагы башкы тууну учуруп кеткен. Социалдык тармактын колдонуучулары Азамат Жаналиев үйүнөн туу алып келип, аянтта өзү кармап турганын жазышты. Көпчүлүк аны сыйлыкка көрсөтүүнү дагы сунуштоодо.

«Бул мен үчүн гана эмес, жаштар үчүн дагы жакшы болмок. Анткени биз жаштарды мекенчилдикке үйрөтүшүбүз керек» — дейт ал.

Азамат Жаналиевдин кадамына президент Сооронбай Жээнбеков дагы баасын берди. Өлкө башчысынын маалымат катчысы Толгонай Стамалиеванын айтымында, ал таң калган.

«Президенттин баасына атам экөөбүз абдан кубандык» — дейт ал.

Азамат Жаналиев түнкү саат 12.00дөн таңкы бешке чейин аянтта турган. Ал арада ага жарандар жылуу кийим, тамак-аш алып келип беришкен.

«Улуттук туу аза күнү гана түшүрүлөт. Андыктан, тууну жоктугун көрүп жаман болдум. Тууну илгенче туруп турайын деп келгенмин. Негизи бул мен үчүн сыймык болду» — дейт Азамат Жаналиев.

Эң көп окулган жаңылыктар