Ош—Бишкек унаа жолунан жеңил унаа өрттөнүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык Сузак районунун Ырыс айыл аймагында Ош—Бишкек унаа жолунун 547-чакырымында катталган. Аталган аймакта токтоп турган «Ауди» үлгүсүндөгү жеңил күйүп кеткен.
Өрттүн себеби такталууда.