10:15
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

8-класстын окуучусу унаа менен 5 жашар баланы койдуруп кетти

Ош облусунун Алай районунун сегизинчи классынын окуучусу автоунаа менен беш жашар баланы койдуруп кетти. Бул тууралуу аймактык ИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык кечээ Гүлчө айылында катталган.

«Мектеп окуучусу унааны атасынан сурабай айдап чыгып, беш жашар баланы койдуруп кеткен. Сокку катуу болгондуктан бала ооруканадан көз жумган. Учурда прокуратура кыздын жоопкерчилигин карап жатат», — деп маалымдады ИИБ.

Эң көп окулган жаңылыктар