Эртең парламент Мухаммедкалый Абылгазиевдин премьер-министрлигине талапкерлигин карайт. Коалициялык көпчүлүк анын талапкерлигин колдоду.
Мухаммедкалый Абылгазиев учурда президенттин аппарат башчысы. Ал 1968-жылы 20-январда Нарын облусунун Кочкор районунда төрөлгөн. Айыл-чарба институтун аяктаган. 2010-2016-жылдары Социалдык фонду башкарган.
Депутаттардын айтымында, жаңы өкмөт башчысы министрлер кабинетин толук алмаштырбайт. Билим берүү жана илим министри, Саламаттыкты сактоо министрлиги жана мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымы гана ордунан кол жууйт.