Москва шаарында иштеген мигранттардын кезектеги «Сармерден» маданий кечесинде Ноокен районунун кыздары менен Ысык-Көл облусунун жигиттери таймашат. Бул боюнча уюштуруучулар маалымдашат.
Алардын айтымында, учурда командаларды топтоо жүрүүдө.
Өткөн жекшембиде Аксынын жигиттери менен Кара-Суунун кыздары айтышты. Жарышта Аксы жигиттери жеңип чыкты.