00:15
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Кытайды таарынтып албайлы. Өкмөт ЖЭБ боюнча талкууда этияттыкка чакырды

Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Сяо Цинхуа Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен жолугушууда Бишкек шаарындагы Жылуулук электр борборун модернизациялоого карата талкууларга нараазычылыгын айтты. Бул тууралуу премьер-министр Сапар Исаков 17-апрелде Жогорку Кеңеште билдирди.

Өкмөт башчысы депутаттарды ЖЭБ боюнча негизсиз айыптоолордон карманууга чакырды.

Кытай бизди карап турат. Элчи ТИМге келип, катуу айтыптыр. «Пекин түшүнбөй жатат. Бизди капа кылып жатасыңар» дептир ал»

Сапар Исаков

Эскерте кетсек, Кыргызстандын тышкы карызынын 41,3 пайызы, же 1 миллиард 700 миллион доллары Кытай насыялары. ЖЭБди модернизациялоого Кытайдан 380 миллион доллар алынган.

Буга чейин эле жарандык активисттер Кыргызстандын Кытайга көз карандылыгы өсүп бара жаткандыгын жана бул өлкө үчүн кооптуу абал жаратарын айтышкан. Эл аралык басылмалардын пикиринде, «Бир жол — бир кур» долбоорунун алкагында Кытай Борбордук Азия мамлекеттерин карызга батыруу аракетин көрүүдө.

Парламенттин бюджет жана финансы комитетинин жыйынында депутат Акылбек Жапаров Кытай менен түзүлгөн келишимдерде Кыргызстандын кызыкчылыгы сакталбагандыгын айтты.

5 жылдан кийин Кытайга 320 миллион долларды төлөп башташ керек. Кээ бир насыяларды 20-жылдан кийин төлөөгө каралган. Келишимди карасак, Кыргызстан соттук доодон баш тарталары, ал эми ортодогу келишпестиктер Гонконгдогу арбитраждагы сотто гана каралары жазылган. Аны менен бирге Кытай мыйзамдарынын негизинде гана түшүндүрүү жүрөрү белгиленет.

Акылбек Жапаров

Коңшу өлкөлөрдөн Тажикстан Кытайга карызынан алтын кендерин берип кутулууда.

Эң көп окулган жаңылыктар