USD87.45EUR97.92RUB1.02
24.kg

Нарында улуу муун менен жаштар арасында футбол боюнча мелдеш өткөрүлдү

09:50, 17 апреля 2018, Бишкек - 24.kg

Нарын казыяты Нарын медресесинин демөөрчүлөрү арасында футбол боюнча мелдеш уюштурду. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Таймашта 14 курама команда өз күчтөрүн сынашты. Таң эрте башталган оюн күүгүмгө чейин уланып, жаштар менен улуу муун спорттук турнирдин башкы кубогү үчүн ат салышты.

Мелдештин соңунда баш байгени Нарын казыятынын мугалимдери, 2-орунду «Адеп Башаты» фондунун курама командасы жеңип алса, 3-орунду «Бурак» командасы багындырды.

«Жаштар арасындагы таймашта 10 команда ат салышып, 1-орунду «Алга» тайпасы багындырып, өтмө кубоктун ээси болушту. 2-орун «Биримдик» тайпасына жана 3-орун «Ынтымак» командалары алды. Жеңүүчүлөргө кубоктон тышкары дипломдор жана китептер белекке берилди.

«62 жаштан 20 жашка чейинки инсандар катышкан бул мелдеш ары ден-соолукту, ары ынтымакты бекемдеп, Нарындын өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт деген ишеничтебиз», -дейт Нарын казыятынын өкүлдөрү.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика