13:45
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Санкт-Петербургда кыргыз сүрөтчүлөрүнүн сүрөт көргөзмөсү ачылды

Санкт-Петербургдагы Таврия сарайында кыргыз сүрөтчүлөрүнүн сүрөт көргөзмөсү ачылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Жогорку Кеӊешинин депутаттары Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблея (ПАА) Кеӊешинин жыйынынын алкагында Таврия сарайында уюштурулган кыргыз сүрөтчү-скульпторлорунун көргөзмөсүнө катышты.

«Кыргызстандын жылуу шамалы» аталышындагы бул көргөзмөдө Санкт-Петербург шаарында жашаган кыргызстандык мекендештер Тамила Маматова менен Таалайбек Мусурманкуловдун эмгектери коюлган.

Төраганын орун басары Асел Кодуранова көргөзмөдөгү эмгектердин өтө баалуу экенине токтолду.

«Кыргыз элинин руханий дүйнөсүн, өлкөбүздүн кооз жаратылышын чагылдырган мындай эмгектердин Таврия сарайына коюлушу мекендештерибиздин бийик талантка ээ экендигин далилдейт. Биз көргөзмөдөгү скульптуралык чыгармаларды жана пейзаждык картиналарды карап олтуруп өнөрлүү мекендештерибиз менен сыймыктандык», — деди ал.

Ошондой эле Жогорку Кеӊештин депутаттары көргөзмөнүн алкагында Санкт-Петербург шаарындагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен да жолугушуп, пикир алмашты.

Мындан сырткары, сүрөтчү-скульпторлорго чыгармачылык ийгилик каалаган Асел Кодуранова, Жогорку Кеӊештин атынан көргөзмөдөгү эмгектердин авторлоруна жана кыргыз диаспорасына атайын белектерди тапшырды.

Ал эми көргөзмөдө сөз сүйлөгөн Садык Шер-Нияз тарыхый байланыштары тыгыз КМШга мүчө мамлекеттерде көрүнүктүү таланттар арбын экенин белгиледи.

«Биз улуу таланттарыбыздын жолун улантып, маданиятты өнүктүрүү аркылуу бул жааттагы кызматташтыкты арттырышыбыз керек», — деп кошумчалады ал.

Эң көп окулган жаңылыктар