22:27
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Дыйкандарга 1,1 миллиард сом жеңилдетилген насыялар берилди

5-апрелге карата «Айыл чарбаны каржылоо-6» долбоорун ишке ашыруунун алкагында республиканын 3017 айылдык товар өндүрүүчүсүнө 1 миллиард 125,1 миллион сом суммасында жеңилдетилген насыялар берилди. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөттүн 14-февралдагы № 92- токтому менен бекитилген «Айыл чарбаны каржылоо-6» долбоорунун ишке ашыруунун алкагында Каржы министрлиги менен 11 коммерциялык банктын ортосунда жалпы суммасы 5 млрд 816 миллион сом болгон пайыздык чендерди субсидиялоо жөнүндө келишимдерге кол коюлган.

Эске сала кетсек, Кыргыз Республикасынын 2018-2020-жылдарга республикалык бюджетинде «Айыл чарбасын каржылоо — 4» долбоорунун үчүнчү фазасын, «Айыл чарбасын каржылоо — 5» долбоорунун экинчи фазасын жана «Айыл чарбасын каржылоо — 6» долбоорунун биринчи фазасын ишке ашыруу үчүн 1 миллиард 50 миллион сом каралган.

Эң көп окулган жаңылыктар