21:17
USD 69.83
EUR 78.79
RUB 1.03

Мелис Мырзакматов Түркияда Сооронбай Жээнбековдун жолун эмнеге торуду?

Ош шаарынын мурдакы мэри Мелис Мырзакматов Түркияда президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууга аракет кылгандыгы тууралуу маалымат социалдык тармакта жарыяланып, талкууга алынды.

Мелис Мырзакматовдун сүрөтү дагы жарыялаган. Айрым маалыматтарга караганда, сүрөт мамлекет башчысы Анкара шаарында токтолгон Sheraton отелинде тартылып алынган.

Акүйдүн маалымат катчысы Толгонай Стамалиева кабарды жокко чыгарды.

«Сооронбай Жээнбеков расмий сапары менен жүрөт. Ал Түркиянын президенти Реджеп Тайып Эрдоган жана башка жетекчилери менен жолугушту. Мелис Мырзакматовду көргөн жокпуз» — дейт ал.

Эскерте кетсек, Мелис Мырзакматов 2009-2013-жылдары Ош шаарын башкарган. 2014-жылы ага каршы козголгон кылмыштын негизинде мурдакы мэр издөөгө алынган. Мелис Мырзакматов акыркы төрт жылдан бери өлкө сыртында жүрөт.

Эң көп окулган жаңылыктар