20:07
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Медреселерде кесиптик сабактар көбөйтүлүүдө

Медреселерде кесиптик сабактар көбөйтүлүүдө. Ал «Медресе жаштарын кесипке үйрөтүү» долбоорунун алкагында ишке ашууда.

Кыргызстандын бардык облустарынан бирден тандалып алынган бир катар диний окуу жайлардын тарбиялануучулары ар кандай багыттар боюнча кесиптик билим алышат. Адистиктер ширетүүчү, ашпозчу, кондитер азыктарын даярдоочу, тигүү тармагы, компьютердик сабаттуулук жана электрик багыттары боюнча үйрөтүлөт.

Долбоордун биринчи бөлүгү 2015-жылы башталып, жалпысынан 300гө чукул медресе окуучулары ар кандай кесиптин ээлери болушту.

«Медреселердин айрымдарында гана мектеп программасы окутулбаса көпчүлүгү диний билим берүү менен гана чектелип келе жатышат. Жылына медреселерде 2-3 миңден ашык улан, кыздар бүтүшөт. Бирок алар диний билим алганы тууралуу диплом алганы менен бардыгы эле имам болуп кетпейт. Жумуш табылышы кыйын. Диний окуу жайларга мугалим болуп ишке орношуу дагы кыйын. Диний билим алган туура. Бирок ага кошумча ошол жерде кыска мөөнөт ичинде кесип дагы үйрөнүп чыкса андан бетер жакшы. Үй-бүлөсүн бакканга кошумча акча табуу мүмкүнчүлүгү пайда болуп жатпайбы. Экинчи бир жагынан азыр коомчулукта радикализм, терроризм, экстремизм сыяктуу түркүн азгырыктар бар. Балдар ошондой азгырыктарга тартылып кетпей кесип үйрөнүп, бош учурунда жумуш менен камсыз болсо абдан жакшы эмеспи», — дейт «АВЕП» коомдук фондунун жетекчиси Нурлан Токонов.

Эң көп окулган жаңылыктар