13:38
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Медресенин окуучуларына балчылык үйрөтүлүүдө

Медресенин окуучуларына балчылык үйрөтүлүүдө. Бул тууралуу «АВЕП» коомдук фонду маалымдайт.

Аламүдүн районунда жайгашкан Кой-Таш айылындагы «Аль-Фарух» медресесинде бал челекчилик кесиби окутулууда. Алгачкылардан болуп 15 бала сынак тапшырып, балчы кесибине ээ болушту.

«Учурда алар медресенин аймагында жайгашкан бал челектерге кам көрүп, экологиялык жактан таза бал өндүрүүнү көздөп жатышат. Өндүргөн балды өз керектөөлөрүнө жумшашат. Ал эми бал челектер кесип үйрөнгүсү келген жаштарга практикалык жактан кесип үйрөткөн жабдуу катары кызмат кылат. Кой-Таш айылындагы медресе бал челекчиликке үйрөткөн кесиптик курстарын сентябрь айынан тарта кайрадан уланта баштайт», — деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар