14:54
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

«Кыргыз темир жолундагы» жемкорлук. Ногойбаев Жанар Акаевдин сөзүн четке какты

«Кыргыз темир жолу» ишканасынын башчысы Алмазбек Ногойбаев депутат Жанар Акаевдин сөзүн четке какты. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКга билдирди.

Анын айтымында, ишканада Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын өкүлдөрү (финпол) текшерүү жүргүзүп жатышат. Ал фискалдык органдардын кызматкерлерин кууп чыкпагандыгын айткан.

«Бир кабинет бергем, алар азыр текшерүү иштерин жүргүзүп жатышат. Эмне текшерип жатышат, кандай иштеп атышат, мен аларга киришпейм. Анан билбейм, Акаев каяктан алып, «аларды кууп жиберди, киргизбей койду» деп айтып жатканын» — дейт ал.

Эскерте кетсек, бүгүн парламент депутаты Жанар Акаев «Кыргыз темир» жолу ишканасынын башчысы Алмазбек Ногойбаев экономикалык кылмышка каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрүн кууп чыкканын билдирди.

Эң көп окулган жаңылыктар