12:12
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Июнга чейин Бишкекке 52 троллейбус алынып келет

Июнга чейин Бишкекке 52 троллейбус алынып келет. Бул тууралуу Бишкектин вице-мэри Геннадий Милицкий парламенттин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин отурумунда билдирди.

«Бүгүнкү күндө кол коюлган макулдашууларга ылайык июнда Бишкекке 52 троллейбус алынып келет. Ташып келүү иштери башталган, учурда 9 унаа келди. Майдын аягында, июндун башында толук келүүсү күтүлүүдө. Андан тышкары кошумча жаңы транспорт каражаттары үчүн шаардык кеңеш 382 млн сом бөлдү. Он күн аралыгында тендер жарыяланып, 40 автобус алынат», — деди ал.