12:34
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Токмокто автоунааларды уурдаган жарандар кармалды

Токмокто автоунааларды уурдаган жарандар кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 10-март күнү Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнө 54 жаштагы К.Л. аттуу жергиликтүү тургун арыз менен кайрылып, 9-марттан 10-мартка караган түнү белгисиз адамдар анын короосунда токтоп турган "Ауди-80«үлгүсүндөгү автоунаасын белгисиз тарапка айдап кетишкенин билдирген.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, Токмок шаарындагы көчөлөрдүн биринен жогоруда аталган автоунаа табылып, ээсине кайтарылып берилген.

Ошол эле түнү Токмок шаарынын 38 жаштагы Ш.Т. аттуу жашоочусунун үйүнүн жанында токтоп турган «Дэу-Лабо» үлгүсүндөгү автоунаасын белгисиз адамдар уурдап, айдап кеткени тууралуу арыз менен Токмок шаардык ИИБга кайрылган.

Милиция кызматкерлери тарабынан көрүлгөн чаралардын негизинде аталаган автоунаа Токмок шаарындагы көчөлөрдүн биринен бакты сүзүп токтогон жеринен табылган.

Жогорудагы окуялар боюнча Токмок шаардык ИИБнын тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренеси (автотранспорт каражатын укукка жат түрдө ээлеп алуу) боюнча кылмыш иши козголгон. Милиция кызматкерлеринин кылдат жүргүзгөн иш-аракеттеринин натыйжасында, шектүү катары Чүй облусунун 17 жаштагы С.А. жана 16 жаштагы Ю.Р. аттуу тургундары кармалышып, Токмок шаардык ИИБнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар