18:51
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Былтыр КР жарандары чет мамлекеттерде эc алуу үчүн 345,6 миллион доллар короткон

2017-жылы Кыргызстан жарандары 345,6 миллион долларга чет мамлекеттерде эс алган. Мындай көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 20,9 пайызга аз. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, жогоруда көрсөтүлгөн сумманын 293,6 миллион доллары КМШ мамлекеттерине кеткен же өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11,1 пайызга аз. Ал эми башка мамлекеттерге барып эс алгандарга 62 миллион доллар сарпталган. Ал өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 47,4 пайызга аз.

Эң көп окулган жаңылыктар