18:00
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Кыргызстанда мектептерди ашар жолу аркылуу курууга тыюу салууну суранышууда

Кыргызстанда мектептердин ашар жолу аркылуу курулуусуна мамлекеттик деңгээлде тыюу салуу керек. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине «Булан институту» коомдук бирикмесинин директору Чолпон Орозобекова билдирди.

«Кыргызстан көзкарандысыздыкты алган соң бюджетте акча жок калды. Өкмөт акимдерди ашар жолу менен мектеп курууга үндөй баштады. Айылдыктар өздөрү курушат. Эч кандай норма сакталбайт. Кайра эле 7-8 жылдан кийин мектеп урап алат», — деди ал.

Анын айтымында, 2017-жылы «Булан институту» мектептердин коопсуздугу боюнча иликтөө жүргүзгөн.

«Кыргызстанда 2,2 миң мектеп болсо, алардын 193ү авариялык абалда экен. Дагы 12 мектеп «кызыл тизмеге» түшүп калган. Урап калуу коркунучу бар мектептердин окуучулары клубдарда, жеке үйлөрдө, чатырларда окушууда",- деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума