16:59
USD 69.84
EUR 79.25
RUB 1.06

Фабьен Селоссе: Кыргызстанда туристтерге акча капчыктай карашат

Фабьен Селоссе архивинен
Фото Фабьен Селоссе архивинен

Фабьен Селоссе Франциянын Лиль шаарынан болот. 2014-жылы биринчи жолу Кыргызстанга келип, тоо жана көчмөндөр жашоосуна кызыгып жашап калды.

«Тоо, тарых, көчмөндөр маданияты жана сүйгөн кызым... Мына ушундан улам Францияга кайткым келбей калды», — дейт Фабьен.

Биздин каарман жакында эле кыргызстандык кыз менен расмий никеге турду. Тойду эми жайында өткөрүшмөкчү. Ага Франциядан коноктор келет.

— Бишкекте өзүңүздүн туулган жериңизге окшоштуктар барбы?

— Франциянын түндүгүндө көптөгөн ишкана, шахта жана бузулган заводдор бар. Кыргызстандын дагы Советтер союзунан кийинки абалы менин туулган жеримди эске салат. Түштүк тарабы өзгөчөлөнүп турат. Ал жактагы элдердин жан дүйнөсү бай жана меймандос келишет. Аба-ырайы канчалык бүркөлсө дагы, элдер ачык айрым жана шаңдуу. Кыргыздар дагы меймандостугу менен мактана алат.

—Кыргызстанда жүрүп эмнеге кусаа болосуз?

—Француздардын тамакка болгон табити баарына маалым. Мага жергиликтүү ашкана жагат. Бирок, деңиздин азыктары жетишпейт. Алар бул жерде аз жана абдан кымбат. Кыргызстанда устрица издеген Африкада курут издегенге барабар.

Фабьен Селоссе архивинен
Фото Фабьен Селоссе архивинен

— Негизинен сизге улуттук ашканадан кайсы тамак жагат? Кайсы тамакка ооз тийүүдөн да коркосуз?

— Мага Оштун палоосу жагат. Бир нече ай түштүктө жашадым. Казы жана чучукту да жактырам. Ашлямфу менен окрошканы түшүнбөйм. Курут да тандап жейм. Бирок, койдун көзүн жемек эмесмин.

Ал эми суусундуктардан кымыз, чалапты суусап ичем, максым менен шорону жактырбайм.

— Орус тилин жакшы билет экенсиз. Кантип үйрөнүп калдыңыз?

— Францияда лицейде үйрөнгөнмүн. Тилдин абдан пайдасы тийди. Мисалы, келинчегим менен бир да жолу англисче сүйлөшө элекпиз. Жакында Петербургдан аялымдын тайежеси келди. Ага кээ бир орусча, кыргызча сөздөрдү түшүндүрүп бердим. Ошондо өзүмдүн азиат болуп калганымды сездим.

— Кыргызстанда эмнени өзгөртмөксүз?

— Туризм өлкөдө тездик менен өнүгүп жатат. Бирок, өзгөчөлүгүн жоготууда. Соң-Көлдө бозүйлөрдүн айылы бар. Ал жерде туристтерди капчык катары кабыл алышат. Тейлөө жагынан кемчиликтер бар. Элдер тейлөөгө акча төлөөгө даяр, бирок аларга сый мамиле болушу шарт.

Ысык-Көлдүн түштүк тарабынан бир жолу бир боз үйлөргө туш келдим. Ичи баткак, килем да жок. Кожоюндан «сиз өзүңүз ушундай жерге жатат белеңиз?», — деп сурасам «жок» — дейт. Анда эмне үчүн туристтерге боло берет деп ойлошот.

Массалык туризмдин кесепетинен өз маданиятына сый кеткендиги дагы абдан жаман көрүнүш.

Эң көп окулган жаңылыктар