Бишкек-Ош унаа жолунда кайрадан чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдайт.
27-30-марттагы туруксуз аба-ырайына байланыштуу, Бишкек-Ош автоунаа жолунда кар көчкү коркунучу сакталууда. Андыктан, 27-марттан тарта 30-мартка чейин Чүй облусунун Жайыл районундагы «Сосновка» постунда, Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы «Арал» постунда жана Талас облусунун Талас районундагы Өтмөк ашуусунда саат 21:00дөн саат 06:00гө чейин унаалардын баардык түрлөрү үчүн жол каттамы жабылат. Таңкы 06:00да кайрадан бардык посттор ачылат.
ӨКМ жүргүнчүлөргө Бишкек-Ош унаа жолу менен кечке маалы алыскы сапарга чыкпоону эскертет.