Нарын-Торугарт жолунда оор жүк ташуучу ууна кырсыкка учурады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдайт.
Маалыматта 14 — март күнү саат 20.30да жолдун 353 чакырымында «Volvo» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып оодарылып кеткендиги айтылат.
Жол кырсыктын кесепетинен айдоочу каза болду.