20:12
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Өкмөт «Акылдуу шаар» долбоору боюнча келишимден чыкты

«Акылдуу шаар» инвестициялык долбоорунун милдеттери аткарылбагандыктан кыргыз өкмөтү келишимден чыкты. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тең-инвесторлор милдеттерин аткарбоо менен келишимде аныкталган мөөнөтү дагы сактай алган жок. Долбоорду даярдоо, тактап айтканда, техникалык-экономикалык негиздөөнү ишке ашыруу боюнча сапаты төмөн документтер берилген.

«Техникалык экономикалык негиздемени даярдоо процессинде кыргыз өкмөтүнүн функционалдык жана техникалык талаптары боюнча шарттары аткарган жок. Тараптар айрым техникалык маселелер боюнча бир пикирге келе албады», — деп маалымдашты басма сөз кызматтан.

Кыргыз өкмөтү «Акылдуу шаар» долбоорун эл аралык донорлордун жана бизнес секторлордун колдоосунда өз алдынча ишке ашырууну чечти.

«Биз инвесторлордун ресурстарын жана мүмкүнчүлүктөрүн колдонууга аракет жасадык. Бирок алар долбоорду ишке ашырууну создуктуруп жиберди. Ал эми жолдордун абалы жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу маселеси татаал бойдон калууда. Андыктан долбоорду өз күчүбүз менен ишке ашырууну чечтик», — деди Инвестиция тартуу агенттигинин директору Эсен Момункулов.

«Акылдуу шаар» долбоору тууралуу келишим күчүнө кире элек болгондуктан кыргыз өкмөтү келишимден баш тарткандыгы үчүн юридикалык жана экономикалык кесепеттерге дуушар болбойт.

Эң көп окулган жаңылыктар