8 жашар кызды сабаган өгөй энеси камалды. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Чүй облустук ИИБсынан билдиришти.
Буга чейин кыздын ата-энесин укуктан ажыратуу маселеси каралып жаткандыгы айтылган. Кыз дагы эле ооруканада. Анын бир тууган 10 жаштагы агасы убактылуу балдар үйүнө которулду.
«Кыздын өгөй энесине каршы айып тагылгандыгына байланыштуу анын өзүнүн эки кичинекей балдары дагы балдар үйүнө жайгаштырдык» — дейт милиция.
Укук коргоо органдары кыздын өз апасын жана анын туугандарын издөөдө.
8 жашар кыз 11-мартта ооруканага түшкөн. Ал нан жегиси келгендиги үчүн өз энеси сабагандыгын айткан.