03:44
USD 69.40
EUR 81.11
RUB 1.02

Кыргызстандын Казакстандагы элчиси жакында дайындалат

Кыргызстандын Казакстандагы элчиси жакында дайындалат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын Казакстандагы элчисинин кызматына талапкерлер каралып, президент менен макулдашуу жүрүп жатат.

«Жакын арада элчи дайындалат», — деди Динара Кемелова.

Кыргызстандын Казакстандагы элчиси эки жылдан бери дайындала элек. Акыркы жолу 2016-жылы Эсенгул Өмүралиев элчиликти тапшырып берген.

Эң көп окулган жаңылыктар