90-жылдардан бери эстрада дүйнөсүндө сыйлуу орунду ээлеп келген Бобковдордун үй-бүлөсүндөгү чыр коомчулуктун талкуусуна түштү.
«Жылдыздуу» үй-бүлө ички талашын эл алдына алып чыгып, социалдык тармакта бири-бирин каралоого жана айтышууга өттү.
«Досум Үсөн» тобунун жетекчиси, «Ырдайлы кыргыз ырларын» долбоорунун автору Юрий Бобков келини белгилүү ырчы Жанетта Бобкованын жүрүм-турумун сынга алды.
«Жанетта көп ичип, эркектер менен жүрүп кеткендиктен Денис үйдөн чыгып кетти. Ал үйүн балдарына таштап, каралашып турат» — деп жазат Юрий Бобков.
Буга чейин Жанетта үй-бүлөсүнүн бузулушуна күйөөсү Денис Бобковду айыптаган. Бул жубайлар бир топ жылдан бери чогуу түтүн булатып, эки баланы тарбиялап келет.