12:22
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Инстаграм жылдызы Элдана Сатыбалдиеванын атасы кызы менен сыймыктанарын айтты

Instagram жылдызы Элдана Сатыбалдиеванын атасы мурдакы Башкы прокурор Элмырза Сатыбалдиев кызы менен сыймыктанарын айтты. Бул тууралуу ал «Нур» телеканалына берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, кызы белгилүү блогер экенин кеч билип, кийлигишпөөнү туура көргөн. Кызынын Instagram баракчасын дагы ачып карабайт.

«Балдарымды демократиялык мамиледе тарбиялайм. Кыздарым, балдарымдын ахыбалын чанда гана сурап коем. Өздөрү мага айтып турушат. Азыр эки кызым тең чет өлкөдө окуйт. Мен телефон чалбайм, өздөрү чалып сүйлөшөт. Ал эми Элдананын эл оозуна алынып, белгилүү болгонуна кубанам. Анын менин кызым экенин көпчүлүк билбейт. Бирок, бир жолу да анын тарткан видеолорун көрө элекмин» — дейт ал.

Эскерте кетсек, Элдана Сатыбалдиева эң бир белгилүү Instagram колдонуучусу. Анын баракчасына жазылгандардын саны 576Кдан ашат. Ал кыска ата-эне менен балдардын ортосундагы мамиле жана башка орчундуу маселелерди тамашага чалып видео тартып белгилүүлүккө жетишти. 

Эң көп окулган жаңылыктар