06:08
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Өзбекстан Кыргызстанда тогуз ишкана ачат

Өзбекстан Кыргызстанда автоунаа тейлөө, айыл чарба техникасын кураштыруу, пластик буюмдарды чыгаруу жана башка тармактар боюнча тогуз ишкана ачат. Бул тууралуу Кыргызстандын Инвестицияны илгерилетүү жана коргоо агенттигинин директорунун орун басары Шумкарбек Адилбек уулу «Азаттык» радиосуна билдирди.

Анын айтымында, жети ишкана «биргелешкен кыргыз-өзбек» деген макамда иштейт.

Маселен, өзбекстандык «Artel Engineering» жана кыргызстандык «Л.Т.Б» фирмалары «Artel» брендиндеги кир жуучу аппараттарды кураштырган ишкана ачса, өзбекстандык «Perfect Plast Profil» менен кыргызстандык «Имзо ЛТД» пластик, алюминий профилдерин чыгаруучу цех курат.

Мындан сырткары Өзбекстандын «УзАвтоСаноаты» Кыргызстандын «АвтоОңдооЗаводу» менен чогуу айыл чарба техникасын жасоо жана чиркеме техниканы кураштыруу боюнча эки ишкана түзөт. Коңшу өлкөнүн ушул эле компаниясы кыргызстандык «ДТ Техник» менен автобус кураштыруучу, «Автоцентр Эстокада» менен транспорт тейлөөчү завод ачат. «Автоцентр Эстокада» менен «Равон Моторс Тянь-Шань» жеңил автоунаа кураштыруучу завод жана дилердик борбор ачканы жатат.

Ал эми Ташкенттеги «Artel Engineering» ишканасы Кыргызстанда өз филиалын жана «MediaPark» аттуу көңүл ачуучу борбор курат.

Булардын баары боюнча меморандумдарга кол коюлган. Ишканалардын айрымдары курулуп бүтүп калса, кээ бирлери жыл аягына чейин бүтөт. Алар Бишкек, Ош жана Кара-Балта шаарларында ачылат.

Эң көп окулган жаңылыктар